Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

Евробиримдик Украинага 500 миллион евролук жардам пакетин бекитти


Евробиримдик Украинага аскерий жардам көрсөтүүнүн жаңы траншын макулдашты. Ал 500 миллион еврону түзөт. Акча Европалык Тынчтык фондунан бөлүнөт, ага Евробиримдиктин бардык өлкөлөрү салым кошот. Ошентип, бул фонддон Украинага согуш учурундагы жардамдын жалпы суммасы 3,6 миллиард еврого барабар болду.

Андан тышкары, Евробиримдик украин аскерлерин окутуунун европалык программасы үчүн куралдарды сатып алууга кошумча 45 миллион евро бөлөт.

Мындай чечим Евробиримдиктин 27 тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги жыйынында кабыл алынды. Буга чейин европалык бийликтер Украинага оор курал-жарактарды, атап айтканда Германиянын "Леопард" танктарын жеткирүү боюнча бирдиктүү чечимге келе алган эмес. Германия бул маселе боюнча чечимди кечеңдетип жатканы үчүн Европанын башка өлкөлөрүнүн сынына кабылган. Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бурбок Германия буга даяр экенин айтса, Германиянын жаңы коргоо министри Борис Писториус Берлин азырынча чечим кабыл ала электигин билдирди.

Батыш өлкөлөрүнүн Украинаны колдогон мындай кадамын Орусиянын жогорку даражалуу өкүлдөрү сындоодо. Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин 22-январда өзүнүн Telegram каналына Батыш өлкөлөрүн "глобалдык апаат" жана "кыйратуу" менен коркуткан билдирүү жарыялады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG