Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Зордуктоого кабылган балдар боюнча бир жылда 52 иш козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2022-жылы Кыргызстанда зордуктоого кабылган балдар боюнча 52 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу бүгүн 24-январда Жогорку Кеңештин комитетинде педофилдерге каршы мыйзам долбоору талкууланып жатканда Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева билдирди.

Ал иштердин бирөө, Коңкубаеванын айтымында, тараптар элдешип алганы үчүн кыскарган, үч иш кылмышты жасаган адам аныкталбаганына байланыштуу токтоп турат, 34ү сотко кеткен, тогузу тергелип жатат.

2021-жылы бул берене боюнча 49 иш, 2020-жылы 17 иш, 2019-жылы 53 жана 2018-жылы 52 кылмыш иши козголгон.

Бүгүн парламенттин конституциялык мыйзамдар комитетинде баланы зордуктаган кылмышкерди химиялык жол менен бычууну сунуштаган мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты. Бирок айрым депутаттар, акыйкатчы жана прокуратура мындай норма Конституцияга каршы келерин, жазалоону катуулатуунун башка жолдорун карап чыгуу керектигин белгилешти.

Талкуу учурунда расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай турганы, бул сандар "айсбергдин чокусу" гана экени да айтылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG