Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:50

Педофилди операция жолу менен кастрациялоо сунушу биринчи окууда колдоо тапты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баланы зордуктаган кылмышкерди хирургиялык кастрациялоо тууралуу мыйзам долбоору бүгүн 24-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти комитетинде биринчи окууда каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоорун иштеп чыккан депутат Улан Бакасов кылмыш жообуна тартуу боюнча айрым кодекстерге өзгөртүү киргизүү керек экенин айтты:

“Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, химиялык кастрация педофилдерге каршы эң жакшы тандоо эмес. Дары-дармек ар дайым эле иштей бербейт. Андыктан жашы жете электрдин жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасаган адамдар үчүн хирургиялык кастрация колдонуу керек. Хирургиялык кастрация – хирургиялык жол менен репродуктивдик органды алып салуу. Мындай операциялар жаза аткаруу системасындагы медициналык мекемелердеги саламаттык сактоо органдарында өткөрүлөт”.

Айрым депутаттар Бакасовдун сунушун сындап чыгышты. Депутат Гуля Кожокулова педофилдерди актоо мүмкүн эместигин, бирок хирургиялык бычуу кыйноого барабар болорун белгилеп, Кыргызстандын Конституциясы кыйноого жол бербей турганын айтты.

Депутат Дастанбек Жумабеков Баш мыйзам боюнча адамдын ден соолугу кол тийгис экенин айтып, педофилдерди эркинен ажыратуу мөөнөтүн узартууну караштырса болорун белгиледи.

Жыйынга катышкан акыйкатчы Атыр Абдрахматова хирургиялык кастрация Польшада жана Нигерияда колдонуларын, бирок бул үчүн аталган өлкөлөр эл аралык коомчулуктун сынына кабылып келатканын, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун педофилдердин жаза мөөнөтүн узартуу жаатындагы беренелерин колдой турганын, ал эми кастрация боюнча норманы кайра иштеп чыгуу керек деп эсептей турганын айтты.

Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева сунушталып жаткан норма Конституцияга карама-каршы келерин билдирди.

Эреже боюнча мыйзам долбоору комитеттерде жана кийин парламенттин жалпы жыйынында үч окуудан өтүп, президент кол койгондо гана күчүнө кирет.

Башкы прокуратуранын расмий маалыматына караганда, 2022-жылы Кыргызстанда зордуктоого кабылган балдар боюнча 52 кылмыш иши козголгон, анын бирөө тараптар элдешип алганы үчүн кыскарган, үч иш кылмышты жасаган адам аныкталбаганына байланыштуу токтоп турат, 34ү сотко кеткен, тогузу тергелип жатат. 2021-жылы бул берене боюнча 49, 2020-жылы 17, 2019-жылы 53, 2018-жылы 52 кылмыш иши козголгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG