Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

Украинада бир нече аткаминер отставкага кетти


Кирилл Тимошенко
Кирилл Тимошенко

Украина президентинин аппарат жетекчисинин орун басары Кирилл Тимошенко кызматтан кетти.

24-январь күнү эртең менен ал өзүнүн Telegram каналына кызматтан кетүү тууралуу арызынын сүрөтүн жарыялады. Украинанын президенти анын отставкасын кабыл алган жарлыкка кол койду.

Бир күн мурун президент Владимир Зеленский ар кандай деңгээлдеги кадрдык өзгөрүүлөр болорун жарыялаган.

Тимошенко буга чейин General Motors гуманитардык миссия үчүн Украинага белек кылган жол тандабасты айдап жүргөнү үчүн сынга алынган.

"Украинская правда" басылмасы Тимошенкодон тышкары, Запорожье, Херсон, Сумы, Днепропетровск аскердик башкармалыктарынын жетекчилери да отставкага кеткенин жазды.

Украинанын коргоо министринин Куралдуу күчтөрүн материалдык-техникалык жактан камсыздоого жооптуу болгон орун басары Вячеслав Шаповалов да кызматтан кетүүгө арыз берди. Анын алдында украин аскерлери үчүн азык-түлүктүн кымбат баада сатылып алынып жатканы тууралуу иликтөө чыккан.

Зеленский кечки кайрылуусунда Улуттук коопсуздук кеңеши мамлекеттик кызматкерлерге чет өлкөдө эс алууга тыюу салынган “принциптүү” чечим кабыл алганын билдирди. Ал тийиштүү жарлыкка да кол койду. Эми мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар жана бийлик органдарынын башка өкүлдөрү аскердик абал мезгилинде өлкөнүн чегинен тышкары иш сапар менен гана чыга алат.

Зеленский маалымат каражаттарына таянуу менен өлкөнүн башкы прокурорунун орун басары ишкердин автоунаасы менен Жаңы жыл түнү Испанияга эс алууга барганын айтты. UNIAN башкы басылмасы прокурордун орун басары Алексей Симоненкого кызматтан кетүү сунушталганын жазды.

22-январда Украинанын инфраструктура министринин орунбасары Василий Лозинский коррупцияга шектелип кызматтан алынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG