Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:05

Кыргызстанда ажылык зыяратка бара тургандарды каттоо башталды


Ажылыкка жөнөгөн кыргызстандыктар. Иллюстрациялык сүрөт.
Ажылыкка жөнөгөн кыргызстандыктар. Иллюстрациялык сүрөт.

24-январдан тарта Кыргызстанда ажылыкка каттоо башталды. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы маалымат жыйында билдиргендей, жалпы 7 миң адам катталат.

Муфтийдин орун басары Абибилла Кадырбердиев каттоо эки этап менен өтөрүн, 24-январдан 14-февралга чейин 2019, 2020 жана 2022-жылы каттоого туруп, бирок кезеги жетпей калгандар кайра катталарын билдирди. Алардын жалпы саны - 4313 адам.

"Алар жыйырма күндүн ичинде алгач "РСК банкка" 1000 АКШ долларын төлөп, ажылыкка каттоо боюнча жергиликтүү бөлүмдөргө барып каттоого турушу керек. Ошондон кийин гана муфтияттын базасына жазылып, катталган болуп эсептелет. Экинчи этап 20-февралдан 6-мартка чейин жүрүп, анда жаңыдан жазыла тургандар катталат", - деди Кадырбердиев.

Эгерде ажылыкка катталгандар 6-мартка чейин эле 7 миңге жетсе, каттоо мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Сауд Арабиясы Кыргызстанга ажылык үчүн быйыл 6 миң орун берген. Муфтият каттоодогу калган миң адам кезекте болорун билдирди.

Сауд Арабиясы былтыр киргизилген 65 жашка чейинки курактык чектөөнү алып салган. Эгерде ал өлкөдөгү эпидемиологиялык абал начарлай турган болсо, чектөөлөр салынары эскертилген.

Муфтият билдиргендей, быйылкы ажылыктын баасы азырынча аныктала элек. Буга Сауд Арабиянын көрсөткөн кызматынын наркын жарыялай электиги себеп болууда. Былтыр ажылыктын баасы 4500 доллар болгон.

2022-жылы Кыргызстандын жарандарына ажылыкка барууга 2766 квота бөлүнгөн.

2020-жылы 6110 адамга бөлүнгөнү менен ал жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу ажылык сапар болбой калган. 2021-жылы да ушул эле себептен улам уюштурулган эмес. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG