Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:12

Кумтөр: Депутаттык комиссия жакында кенге барат


Кумтөр кени.
Кумтөр кени.

Кумтөр боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия кендин өзүнө март айында барып келүүнү пландап жатканын бүгүн 24-январда “Азаттык” радиосуна комиссиянын мүчөсү Исхак Масалиев билдирди.

Депутаттын айтымында, комиссиянын иш мөөнөтү 28-мартка чейин узартылды, төрагасы болуп өткөн аптада депутат Арсланбек Малиев шайланды:

“Ишти улантабыз. Жакында буюрса барып келели деп жатабыз ишканага. Кагаздарды жөнөтүп, жоопторду алып, топтоп жатабыз. Кызыктырган суроолорду берип, жооп алып, анан бир жыйынтыкка келебиз”.

Масалиев Кумтөр Кыргызстандын карамагына өткөнү жакшы болгонун, бирок “жарыя кылынгандай пайда көрүнө элек” деген жеке пикирин айтты.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн. Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” акциялардын 26 пайызын өткөрүп берип, бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан.

Башкы прокуратура Кумтөр кениндеги иштерди былтыр август айында текшере баштап, үч кылмыш ишин козгогон жана мамлекетке 1 миллиард сомдук зыян келтирилгени маалымдалган. Ошондо 2021-жылы сатылган 19,2 тонна алтындын дайыны тууралуу маселе көтөрүлгөн.

«Кумтөр Голд Компани» Кыргызстандын карамагына өткөндөн берки анын алтын казуу, сатуу ишин жана компаниянын ишмердүүлүгүн изилдей турган депутаттык комиссия 29-сентябрда түзүлгөн. Бирок бир да жолу отурумга чогула албай, кийин курамы кыскартылган. Андан кийин да отурумга чогулушу маселе жаратып жатканы белгилүү болгон.

Депутаттык комиссиядан тышкары бир катар оппозиционер саясатчылар кирген коомдук комиссия да түзүлгөн жана аны Азимбек Бекназаров жетектеген. Бекназаров жана башка бир катар мүчөлөр кийин Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакка алынышкан.

Кыргызстан алтынын кайсы убакта кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы тууралуу маалыматты ачыктабай турганын 27-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде президент Садыр Жапаров билдирген. Ал ар бир доллар, ар бир грамм алтын үчүн ишкана өзү жана "Кыргызалтын", Улуттук банк керт башы менен жооп берерин, бул жагынан эл эч кам санабай эле койсо болорун айткан.

Кыргызстандын Улуттук банкта азыркы кезде сакталып турган алтынынын көлөмү 40 тонна экенин 29-декабрда Жогорку Кеңеште банк ишмердүүлүгү боюнча маселе талкууланып жатканда мекеменин төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков билдирген. Ал “Запаста 40 тоннанын тегерегинде алтын бар. Азыр депутаттык комиссияны күтүп жатабыз. Биздеги алтын баары эсепте”, - деп айткан.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 28-декабрда жылдын жыйынтыгы менен өкмөт Кумтөрдөн 17,2 тонна алтын алууну көздөп жатканын айтып, “Тилекке каршы, парламентте түзүлгөн комиссия бүгүнкүгө чейин барып көрө элек. Биз дагы эле бул комиссияны күтөбүз”, - деген. (EBM)

XS
SM
MD
LG