Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Өзбекстан 25-январдан тартып Ооганстанга электр энергиясын бере баштайт


Өзбекстан Ооганстанга электр энергиясын берүүнү 25-январда калыбына келтирүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Өзбекстандын Энергетика министрлиги билдирди.

Ташкент кошуна өлкөгө электр энергиясын жеткирүүнү 14-январда токтоткон. Буга Өзбекстандагы суук аба ырайынан жана жылуулук берүү станцияларындагы мүчүлүштүктөрдөн улам тартыштык жаралганы себеп болгону айтылган.

Бир күн мурун Ооганстандын талибдер түзгөн өкмөтүндөгү ички иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки өзбек бийлигин электр кубатын Ооганстанга келишимде көрсөтүлгөн көлөмдө жеткирүүнү улантууга чакырган.

Өзбекстан жыл башында Ооганстанга электр энергиясын жеткирүү тууралуу келишимди узарткан. Ага ылайык, кыш мезгилинде Өзбекстан коңшу өлкөгө 450 МВт электр энергиясын бериши керек.

Катуу суук болуп жатканда - 12-январда Түркмөнстан Өзбекстанга газ жеткирүүнү токтотуп, 21-январда кайра бере баштады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG