Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Журналисттер Украинада каза болгон 12 миңден ашуун орусиялыктын аты-жөнүн аныкташты


Иллюстрация
Иллюстрация

Согуш башталгандан бери Украинада 12 миң 200дөн ашуун орус жараны каза болду, алардын 800ү мобилизация аркылуу согушка келгендер. Бул тууралуу британиянын BBC каналынын жана орусиялык Mediazona басылмасынын бирге жасаган иликтөөсүндө айтылат.

Журналисттер ачык булактардан алынган, тастыкталган маалыматтарды гана колдонгонун, көз жумгандардын саны мындан көп болушу мүмкүндүгүн белгилешет.

Каза болгондордун көбү - Краснодардан, Свердлов, Челябинск облустарынан, Дагестандан жана Бурятиядан.

Буга чейин BBC "Вагнер" жалданма аскер уюму аркылуу Украинага согушка барган 450дөн ашык адам өлгөнүн маалымдаган.

Украинанын Коргоо министрлиги Орусия басып киргенден бери дээрлик 100 миңден ашуун аскеринен ажыраганын айтат. 2022-жылдын декабрында Украина президентинин аппаратынын жетекчисинин кеңешчиси Михаил Подоляк согуш башталгандан бери 13 миңге чейин украин аскери каза болгонун айткан.

Орусиянын Коргоо министрлиги акыркы жолу былтыр сентябрда жоготуулар тууралуу маалымат берип, 5937 аскери каза болгонун билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG