Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

Бишкекте Айтматовдун 95 жылдыгына карата кыргыз-казак форуму өттү


24-январда Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата кыргыз-казак форуму өттү. Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен Казакстандын Сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев жана бир катар коомдук-саясий ишмерлер, өкмөт өкүлдөрү катышты.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Нурланбек Шакиев Айтматовдун казак адабиятынын көрүнүктүү өкүлдөрү менен тыгыз чыгармачыл байланышта болгонун, анын ичинен Мухтар Ауэзовду өзүнүн устаты катары сыйлаганын белгиледи.

Маулен Ашимбаев улуу жазуучунун чыгармаларын окуп чоңойгонун айтып, анын эмгектери адамзаттын чыныгы баалуулуктарын жайылтууга зор салым кошконун билдирди.

Ашимбаев Казакстандын президентинин жарлыгы менен II даражадагы “Достук” орденин Кыргыз Республикасынын Баатырлары Апас Жумагулов менен Медеткан Шеримкуловго жана мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовго, Ардак грамота Кыргызбай Осмонов менен Аскар Салымбековго берилди.

Форумда Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган баяндамалар жасалды.

Ушул эле күнү Маулен Ашимбаевди президент Садыр Жапаров кабыл алганын мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары чыңдоо жана кеңейтүү боюнча пикир алмашуу болду.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында оорудан кийин дүйнө салган. ЮНЕСКО Айтматовду чыгармалары көп басылып чыккан классик жазуучу катары тааныган. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулган. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG