Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Рыбакина Австралиядагы турнирде жарым финалга чыкты


Елена Рыбакина
Елена Рыбакина

Теннис боюнча Казакстандын намысын коргогон теги орусиялык Елена Рыбакина ушул күндөрү Мельбурнда өтүп жаткан Австралиянын ачык чемпионатында жарым финалга чыкты. Мелдештин чейрек финалында Рыбакина эки сетте WTA (Аялдар теннис ассоциациясы) рейтингинде 17-орунда турган латвиялык Елена Остапенкону жеңип алды.

Финалга чыгуу үчүн Рыбакина 24-январда беларустук Виктория Азаренка менен беттешет.

Австралиянын ачык чемпионаты Чоң шлемдин төрт турниринин бири. Ал 16-29-январь аралыгында Мельбурн шаарында өтүп жаткан азыркы турнирдеги Казакстандын жалгыз өкүлү.

23 жаштагы Елена Рыбакина дүйнөлүк рейтингде 25-орунда турат. 2018-жылы Казакстандын жарандыгын алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG