Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

Бакыт Төрөбаев Өзбекстандын соода министри менен жолукту


Министрлер кабинетинин орун басары Бакыт Төрөбаев менен Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр-жай жана соода министри Лазиз Кудратов.
Министрлер кабинетинин орун басары Бакыт Төрөбаев менен Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр-жай жана соода министри Лазиз Кудратов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен Өзбекстандын Инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов жолугуп, президент Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарында кол коюлуучу документтерди талкуулады.

Маалыматка ылайык, Мирзиёевдин сапарынын алкагында 18 жана “Кыргызстан - Өзбекстан” бизнес форуму боюнча 10 документке кол коюлары күтүлүүдө.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен 26-27-январь күндөрү келет. Эки өлкөнүн президенттери кызматташтык маселелерин талкуулап, жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлары, сапарды утурлай кыргыз-өзбек бизнес форуму өтөрү кабарланды.

Мирзиёев Кыргызстанда былтыр 10-декабрда келери айтылып, бирок сапар болбой калган. Кыргыз тарап ал жыл аягына чейин келерин кабарлаган.

Коңшу өлкөнүн башчысынын Бишкекке сапары учурунда кол коюла турган документтердин бири чек арага байланыштуу.

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамды Кыргызстан да, Өзбекстан да кол коюп, ратификациялап бүттү. Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстан Анжиян суу сактагычы деп атайт.

Кыргызстанда суу сактагычтын жери Өзбекстанга берилишине каршы болгон 30га жакын саясатчы жана активист “жапырт башаламандык уюштурууга даярданган” деген шек менен 2022-жылдын октябрынан бери камакта отурат. (TSh)

XS
SM
MD
LG