Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:33

Атай Бейшенбекке Октябрь окуясы боюнча кылмыш иши козголду


Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакка алынган активист Атай Бейшенбекке дагы үч кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу анын адвокаты Тимур Султанов “Азаттыкка” билдирди.

Ага ылайык, Бейшенбекке Кылмыш-жаза кодексинин төмөнкү беренелери боюнча айып тагылды:

  • 213-беренесинин, 4-бөлүгү (Турак жана (же) турак эмес жайды, имаратты же курулманы мыйзамсыз ээлеп алууну уюштуруу же жетектөө) ;
  • 278-берененин, 2-бөлүгү (Массалык башаламандыктар);
  • 209-берененин, 3-бөлүгү (Алдамчылык).

Адвокат билдиргендей, биринчи эки берене 2020-жылдагы Октябрь окуяларына байланыштуу. Ал эми алдамчылык боюнча иш буга чейин козголуп, кайра жабылган. Ал боюнча соттун чечими жокко чыгарылып, кайрадан козголду.

Султанов Атай Бейшенбектин айыбы 24-январда угузулганын билдирди.

Ички иштер министрлиги жаңы козголгон кылмыш иши боюнча маалымат бере элек.

Былтыр октябрда саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын отузга жакыны камакка алынып, Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далил жетиштүү экенин билдирсе, камалгандар бийликти сындаганы үчүн "саясий куугунтук" деп атап жатат.

Биринчи Май райондук сотунун аларды февраль айынын экинчи жарымына чейин камакта кармоо тууралуу чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

"Кабар" маалымат агенттиги менен болгон маегинде президент Садыр Жапаров бул иш боюнча камалгандарды “төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан.

Атай Бейшенбек былтыр 16-майда Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүндө эки сааттан ашуун сурак берип чыккан. Ал 2019-жылы Айыл чарба министрлигине 200 миң сомго сайт жасап берүү иштерине катышканын, сайт ишке кирбей калганын айткан.

Министрлик Ленин райондук сотунун Атай Бейшенбектен 200 миң сомду, фотоаппаратты жана соттук ишти кароо үчүн төлөнгөн мамлекеттик алымды өндүрүү боюнча 2019-жылдагы чечими бар экенин билдирген. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG