Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

Коргоо министринин орун басары ЖККУ Кыргызстанга керек экенин айтты


Алмазбек Карасартов.
Алмазбек Карасартов.

Кыргызстандын Коргоо министрлиги Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) өлкө үчүн керек деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып коргоо министринин биринчи орун басары Алмазбек Карасартов билдирди.

Депутат Дастан Бекешевдин Кыргызстандын Тажикстан менен чечиле элек чек ара маселеси бар экенин, бул уюмдун машыгуусун өткөрүүдөн кыргыз тарап былтыр баш тартып койгонун белгилеп, «Бул уюм бизге керекпи?» деген суроосуна Алмазбек Карасартов төмөнкүчө жооп берди:

«Менин жеке оюмча, бул уюм керек. Азыр, өзүңөр билесиздер, дүйнөдө жана жакынкы региондо эмне болуп жатат. Ошол бардык чакырыктарга, коркунучтарга ушул уюм гана туруштук берет деп ойлойм. Сиз токтоло кеттиңиз, уюмга кирген эки өлкө боюнча ЖККУнун эч кандай реакциясы болгон жок деп. Бул уюм реакция бериши үчүн биздин кайрылуубуз керек болчу. Биз кайрылган эмеспиз. ЖККУнун күчтөрүн колдонууга муктаждык болгон эмес».

Парламенттин бүгүнкү жыйынында ЖККУ ичиндеги укуктук, материалдык-техникалык маселелерге байланыштуу мыйзам долбоору талкууланууда.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.

Былтыр сентябрдын ортосунда Баткенде кыргыз-тажик чек арасында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу жаңжал үчүн Кыргызстан менен Тажикстан бири-бирин аскердик агрессияга айыптаган.

Кыргызстан уюмдун Балыкчыдагы полигонунда 10-14-октябрда өтө турган кезектеги “Бузулбас боордоштук” аскердик машыгуусун өткөрүүдөн баш тарткан.

10-21-октябрь күндөрү Тажикстанда, Харбмайдон полигонунда өткөн аскердик машыгууга Кыргызстан катышкан эмес.

7-октябрда Кыргызстан ЖККУнун уставдык документтерине толуктоо киргизүүнү сунуш кылган. Тышкы иштер министринин ошол кездеги биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Ереванда уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн жыйынында “Тажикстандын Кыргызстанга карата аскердик агрессиясынын кесепеттери тууралуу маалымат берип, мындан ары куралдуу кол салууга жол бербөө жана бардык келишпестиктерди ортодогу келишимдин жана уставдын негизинде тынч чечүү үчүн ЖККУ ичинде механизмдерди тез арада ишке киргизүүгө чакырды” деп айтканын ТИМдин басма сөз кызматы билдирген.

Ошол эле мезгилде Армения Тоолуу Карабакка байланыштуу жаңжалда өнөктөштөр Баку менен тиреште Ереванды жетиштүү колдогон жок деген негизде биргелешкен билдирүүгө кол коюудан баш тарткан. Быйыл январда бул өлкөдө өтө турган ЖККУ машыгуусу да болгон эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG