Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:01

АКШнын Юстиция министрлиги Google компаниясын экинчи ирет сотко берди


Google Ads Climate.
Google Ads Climate.

АКШнын Юстиция министрлиги жана сегиз штат Google компаниясын сотко берди. Алар компаниянын жарнамалык технологиялык бизнесин токтотууга чакырды. Корпорация "интернет-жарнама рыногундагы үстөмдүктөн улам атаандаштыкты үзгүлтүккө учуратты" деп айыпталууда. Бул тууралуу маалымат Юстиция министрлигинин сайтына жарыяланды.

Доо арызда Google рынокто жигердүү жана мыйзамсыз үстөмдүк кылганы, атаандаштыкты ооздуктоо үчүн үгүт иштерин жүргүзгөнү айтылат.

Доогер тараптын ырасташынча, 15 жылдын ичинде компаниянын үстөмдүгүнөн сайттардын рекламадан түшкөн кирешесин азайып, маркетинг үчүн жарнамалык чыгымдардын көбөйүшүнө алып келген.

Билдирүүдө АКШ өкмөтү 2019-жылдан бери интернет-жарнамага 100 миллион доллар короткону мисал келтирилген.

Google Юстиция министрлиги жарнама бизнесин токтотуу боюнча туура эмес чечим чыгарып жатканын белгиледи. Корпорация реклама рыногун монополия кылуу боюнча айыптоолорду бир нече жолу четке каккан.

Бул АКШнын Юстиция министрлигинин Google компаниясына каршы экинчи доо арызы. Биринчиси 2020-жылдын октябрында берилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG