Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:12

Кыздын өлүмүнө шектүү айдоочуну шаардык сот да үй камагында калтырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте 24 жаштагы кыздын жолдогу өлүмү үчүн айыпталып жаткан адамдын бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылды. Свердлов райондук сотунун аны үй камагында кармоо тууралуу чечимин бүгүн 26-январда Бишкек шаардык соту күчүндө калтырды.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, шектүүнүн адвокаты аны камакта кармоого ден соолугу мүмкүнчүлүк бербей турганы жөнүндө экспертизалык далил документтерди көрсөттү.

Ички иштер министрлигинин академиясында окуп жаткан Айза Улан кызы Бишкекте жол кырсыгынан каза болгонун, аны машинасы менен сүзүп, качып кеткен кишини сот үй камагына кое бергенин Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев 17-январда айтып чыккан. Ал Свердлов райондук сотунун мындай чечимине Жогорку Соттун жетекчилиги көңүл бурушу керектигин белгилеген.

Акаев "Фейсбуктагы" баракчасына "Чырактай кызды сүзүп өлтүрсө, анан дароо аны ооруканага алып барбай, качып кеткен кишини сот үй камагына кое бериптир! Ушул кантип болсун?! Аны милиция 3-4 күндө видебайкоо аркылуу издеп кармаптыр. Айза Улан кызы болгону 24 жашта болгон, абдан билимдүү, милиция болууну эңсеген экен" деп жазган.

Бул окуя коомчулукта кызуу талкуу жараткан.

Шектүү мурда милиция органдарында иштеген адам экени аныкталганын жана аны үй камагына чыгарууга мыйзамдуу негиз бар болгонун 18-январда анын ишин караган Свердлов райондук сотунун судьясы Айзада Исаева билдирген. Ал камакка албоо тууралуу чечим шектүүнүн бөйрөк дартына байланыштуу кабыл алынганын айткан.

“Жактоочу берген медициналык документтерге ылайык, айыпталуучу 2013-жылы ички иштер кызматкери катары медициналык талаптарга ылайык пенсияга чыккан. 2016-жылы бул адамга донорлук бөйрөк коюлган, кийин да 2021-жылга чейин жогоруда аталган диагноз калган. Бул диагноз жоюлбайт экен. Андан тышкары МСЭК комиссиядан бул киши сырттан жардамга, кароого муктаж, өзүн өзү карап, камсыздоого мүмкүнчүлүгү жок деген кагаз бар экен”, - деген Исаева.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG