Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:34

Нуртазин Жетибаев Архитектура агенттигинин башчылыгынан кетти

Нуртазим Жетибаев.
Нуртазим Жетибаев.

Архитектура, курулуш жана турак жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нуртазин Жетибаев кызматтан кетти.

Анын ордуна Бишкек шаардык мэриясынын мурдагы аппарат башчысы Мырзабек Жыпаркулов дайындалып, 26-январда эмгек жамаатына тааныштырылды.

Бул тууралуу маалыматты "Азаттык" радиосуна Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан ырастады. Анын кызматтан алынышынын себеби түшүндүрүлгөн жок.

Нуртазин Жетибаев бул кызматка былтыр июнь айында дайындалган. (TAb)

​
XS
SM
MD
LG