Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:48

Диний кастыкты козутууга шектелген окутуучу соттон толук акталды


Гүлзат Аалиева.
Гүлзат Аалиева.

Диний кастыкты козутууга шектелген окутуучу Гүлзат Аалиева соттон толук акталып чыкканын бүгүн 26-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Мекеменин маалыматына караганда, актоо өкүмү аталган сотто былтыр 24-ноябрда кабыл алынган.

“Күнөөсү жок деп табылып, кылмыш курамы аныкталбагандыктан акталды. Акталган Гүлзат Аалиева реабилитациялоого укуктуу” деп айтылды соттун басма сөз кызматынын маалыматында.

Философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат Аалиева 2021-жылы 21-апрелде кармалып, үй камагына алынган. Ага каршы доо арызды “Социалдык түйүндөрдөгү посттору аркылуу элди экиге бөлүп, диний кастыкты козутуп жатат” деген негизде адвокат Аида Абдрахманова жазганы айтылган.

Милиция Аалиева Жазык кодексинин 313-беренеси ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу") менен шек саналып кармалганын билдирген.

Гүлзат Аалиева ошол кезде Бишкектеги менчик эки медициналык университетте философиядан сабак берери, ага чейин 15 жылдай Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында кафедра башчысы болуп иштегени маалымдалган. Анын “Фейсбукка” дин темасында жазган айрым посттору талкуу жараткан. Окумуштуунун тарапкерлери ал кармалганда Жогорку Кеңештин алдына чыгып, камактан бошотууну, эркин ой билдирүү укугун чектебөөнү талап кылышкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG