Сырттан келген насыя-гранттарды өз кызыкчылыгына колдонгону далилденген кызматкерлердин жоопкерчилиги боюнча мөөнөттү чектебөө сунушун 26-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Айбек Осмонов айтты.
Ал Кыргызстандын сырткы карызы боюнча маалыматтарды изилдеп чыкканын, жол, таза суу, энергетика тармактарына алынган акча боюнча суроолор бар экенин белгилеп, чыгымды мамлекетке кайтарбагандардын жаза чарасын мөөнөтсүз кылуу керек деген оюн айтты:
“7-10 жыл өткөндөн кийин кылмыш эскирет экен. Мамлекеттин акчасын иштетип алып, 10 жыл өткөндөн кийин “мөөнөтү өтүп кетти, иш кыскарды” деп миллиарддаган акчаны уурдап, жеп кеткендер ээн-эркин жүрөт. Соттун чечими чыгып, чындыгында мамлекетке зыян келтиргени аныкталгандан кийин ал адамдарды сөзсүз төлөтүшүбүз керек. Келген грант, насыяны жеп, башка мамлекетке кетип калат экен да, он жылдан кийин “мөөнөтү эскирди, иши жабылды” деп келип алат экен. Андайга жол бербешибиз керек”.
Депутат бул багытта мыйзамдарды иштеп чыгууну көзөмөлгө алууну сунуштады.
2022-жылдын соңуна карай Кыргызстанда мамлекеттик карыздын көлөмү 5 миллиард 218 миллион долларды түзгөн. Бул сумманын 4 миллиард 191 миллиону тышкы карыз. Анын басымдуу бөлүгү же 1 миллиард 757 миллион доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына (Эксимбанк) туура келет. (RK)