Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:51

ИИМ: Кооперативдер келтирген чыгым бир миллиард сомго жакындады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өткөн жылы турак жай кооперативдеринен 1524 адам жабыркап, келтирилген зыян 901 млн. 726 миң сомду түздү. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.

Учурда ИИМде 1524 кылмыш иши катталып, анын 1284ү сотко жөнөтүлдү. Келтирилген чыгымдын 108 млн. 855 миң сому өндүрүлгөн.

Милиция жарандарды коммерциялык эмес турак жай кооперативдери аркылуу батир, үй алууда тобокелчиликтер бар экендигин эскертет.

Кыргызстанда иштеп жаткан турак жай кооперативдеринин так саны белгисиз, мамлекет бул жаатта башкаруу саясатын жүргүзбөйт. Алардын саны 70тин тегерегинде экени бейрасмий айтылып келет. Буга чейин Улуттук банк жарандардан каржылык салым чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик “каржылык пирамиданын” элементтерине окшош экенин эскерткен.

Өлкөдө кооператив аркылуу үй алгандар саны да бир топ экени айтылып келет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG