Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:51

Украина: Орусия чабуулдарын күчөтүүдө, Батыштын жардамы уланууда


Германия украин армиясына берип жаткан "Леопард" танкы
Германия украин армиясына берип жаткан "Леопард" танкы

27-январда украин аскерлери билдиргендей, өлкөнүн түндүгүндө, түндүк-чыгышында жана чыгышында орусиялык күчтөр атышууларды күчөттү.

Жакынкы айларда Орусия чабуулдарын күчөтүүгө камынып жатат деген учурда Киевдин Батыштагы өнөктөштөрү украин армиясына аскердик техника жана коргонууну бекемдөөгө көмөк көрсөтүүнү улантууда.

Жума күнү Европа Биримдиги Украинага басып кирип, согуш ачканы үчүн Москвага салган санкцияларын дагы алты айга узартты. Биримдиктин юстиция министрлери Украинадагы “үрөй учурган” кылмыштарга жооптууларды жазага тартууну тездетүүнү макулдашты.

Бельгиянын премьер-министри Александр Де Кроо Брюссел Украинанын аскердик чыгымдарына 90 миллион доллар бөлөрүн билдирди.

“Украина аёосуз орус агрессиясынан өзүн коргоого жөндөмдүү болушу керек” – деп жазды ал Твиттерге.

Украин президенти Владимир Зеленский бейшембинин кечиндеги телекайрылуусунда Киевге заманбап согуштук танктарды берген Батыштагы өнөктөштөрүнө ыраазычылык билдирип, майданда чабуул койчу техниканы жеткирүүнү тездетүүгө чакырды.

Германия Украинага "Леопард" танктарын берүүгө макул болду. Вашингтон да Киевге "Абрамс" танктарын берерин ырастады. Буга чейин Польша, Нидерланд жана Испания эгер Берлин уруксат берсе Украинага "Леопард" танктарын жөнөтөрүн билдиришкен. Алардын катарына Италия, Дания, Финляндия да кошулушу ыктымал.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG