Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:43

Эл каттоонун жыйынтыгы ушул айда жарыяланат, каттоого алынбай калганын үч миңдей адам билдирген


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Соңку эл каттоо учурунда каттоого алынбай калганын айтып Улуттук статистика комитетинин “тынымсыз байланыш” кызматына кайрылгандардын жалпы саны 3 миңдин тегерегинде болгонун бүгүн 2-февралда “Азаттык” радиосуна мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ушу тапта каттоо учурунда чогултулган маалыматты соңку статистика боюнча тактоо иштери жүрүп жатканы, февраль айынын соңунда атайын пресс-конференция уюштурулуп, маалымат берилери айтылды.

Жараяндын биринчи этабы аяктаганда каттоого алынбай калганын, каттоочуларга кезикпегенин айткандар болгон. Ошого байланыштуу Улуттук статистика комитети кайсы бир себептен улам каттоого алынбай калгандар үчүн убактылуу «тынымсыз байланышы» кызматын ачкан.

Өлкөнүн эл жана турак жай фондун каттоо былтыр 25-мартта башталып, 2-майда жыйынтыкталган.

Мамлекеттик масштабдагы каттоо өлкө аймагында жашаган калктын расмий санын аныктоо үчүн он жылда бир жүргүзүлөт. 2019-жылга пландалган каттоо коронавирус пандемиясына байланыштуу былтыркыга которулган. Каттоодон өлкөдө жашаган ар бир адам, анын ичинде бир жылдан ашуун убакыттан бери Кыргызстанда жүргөн чет өлкөлүктөр да өтөрү кабарланган.

Өлкө эгемендик алган 1991-жылдан бери каттоо ушуну менен үчүнчү жолу өттү. Биринчиси 1999, экинчиси 2009-жылы уюштурулган.

2023-жылдын октябрында Кыргызстандын калкы 7 миллионго жеткени расмий жарыяланган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG