Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:44

Орусия жарандарга тышкы паспорт берүүнү 10 жылга токтотту


Орусиянын Мамлекеттик кызматтар порталы чет элге чыгуу үчүн берилчү биометрикалык паспортко арыз кабыл алууну 2-февралда токтотту. "Госзнак" мекемеси муну тышкы паспортко жана документтеги микросхемаларга талаптын жогорулашы менен түшүндүрдү. Схемаларды чыгарган Микрон ишканасы маалыматты тастыктады.

"Госзнак" ишканасы "суроо-талапты канааттандыруу үчүн технологиялык процесстер оптималдаштырылып" жатканын билдирди. Мамлекеттик компания бул жараян аяктагандан кийин бир айдын ичинде паспорт берүү жандана турганын маалымдады.

2022-жылы Орусиянын Ички иштер министрлиги жарандарга беш жарым миллионго жакын ушундай паспорт берген, бул бир жыл мурдагыдан бир жарым миллионго көп.

2022-жылдын жай айларында Орусиянын бир катар мамлекеттердеги элчиликтеринде паспорт берүү токтотулган. Бул “техникалык себептер” менен түшүндүрдүрүлгөн.

Чет элге чыгуу үчүн паспортко суроо-талап Орусия Украинага чабуул койгондон кийин, айрыкча 2022-жылдын сентябрында мобилизация жарыялангандан кийин көбөйгөн.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, тышкы паспорт Орусиянын жарандарынын 30% жакынында бар. "Свобода" радиосу сурамжылоолорго таянып кабарлагандай, орусиялыктардын 70% жакыны чет өлкөдө болгон эмес.

XS
SM
MD
LG