Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:13

Ысык-Көлдө жана Жалал-Абадда Сот адилеттиги үйлөрү ачылганы жатат


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргызстанда эки Сот адилеттиги үйү ачылганы жатканын бүгүн 2-февралда “Ала-Тоо 24” телеканалына курган маегинде Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында уюштурулуп жаткан бул мекемелер “жакын арада” ачылат:

“Бул Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Бул да элдин кызыкчылыгы үчүн көрүлүп жаткан аракет. Анын ичинде бардык соттор – райондук, административдик соттор, Сот департаменти, приставдар, бардык сот органдары болот. Көптөгөн ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Санариптештирүү да жолго коюлат”.

Сот адилеттиги үйлөрү ачылары, алардын имарат жана уюштуруу маселесин чечүү керек экени соңку 2-3 жылдан бери айтылып келе жаткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG