Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:19

Аба ырайы: тоолуу райондордо кар жаайт


Кыргызстан.
Кыргызстан.

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 3-февралда Ысык-Көл, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондордо, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…+2, күндүз 6…11,

Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз 5…10,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8,

Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -22…-27, күндүз -5…-10.

Бишкекте түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…+1°, күндүзгү жогорку температурасы 8…10° болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG