Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:23

Кадыр Маликов Дин комиссиясынын директоруна кеңешчи болду


Кадыр Маликов.
Кадыр Маликов.

Диниятчы Кадыр Маликов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директоруна кеңешчи болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган мекеме 2-февралда кабарлады.

Маликов 2021-жылдын февралына чейин муфтийдин орун басары болуп иштеген. Кийин бул кызматтан өз каалоосу менен кеткен.

Дин аалымы Кадыр Маликовго 2015-жылдын 26-ноябрында Бишкекте кол салуу болгон. Жабырлануучу кол салгандар "Ислам мамлекети" террордук тобунун өкүлдөрү экенин жана өлтүрүүнү максат кылганын билдирген. Окуядан кийин кылмышка шектүүлөр Казакстан, Түркия аркылуу Сирияга өтүп бараткан мезгилде түрк полициясы кармаган.

2017-жылы кол салды деп шек саналгандардын бири 18 жылга эркинен ажыратылган.

Кадыр Маликов 1972-жылы Бишкекте төрөлгөн. Жогорку билимди Иорданияда "исламдагы юриспруденция" деген адистикте алган, кийин Испаниядагы Universidad Complutense de Madrid окуу жайынан "Азия, Тынч океан жана Борбор Азиядагы коопсуздук, конфликттерди башкаруу" адистигин окуп, Мадрид университетинде ислам илимдери боюнча политолог адистигинде докторлугун жактаган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG