Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:49

Маликовго кол салгандардын тек-жайы


Kyrgyzstan -- Sought in the case of Kadyr Malikov, undated
Kyrgyzstan -- Sought in the case of Kadyr Malikov, undated

2-декабрда Кыргызстанда жарык көргөн гезиттерге сереп.

“Вечерний Бишкек” басылмасындагы “Мөңгүлөрдү сактоо - Жерди сактоо” деген макала Парижде өткөн эл аралык саммитте Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөп, болжол менен 2025-жылга чейин Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн аянты 30-40% чейин кыскарып, Борбор Азия өлкөлөрүндөгү суунун көлөмү 25-35% чейин азаярын, ал эми 2100-жылы Кыргызстандын мөңгүлөрү Жер шарынын картасынан такыр эле жок болуп кетиши мүмкүн экендигин айтканын, мына ушуга байланыштуу кыргыз президенти Париж конференциясынын катышуучуларынын көңүлүн климаттык жаңы келишимдерди кабыл алууга бурганын жазды.

Ушул эле гезит “Шаардык прокуратура шаардын борборунан 49 жылга мыйзамсыз арендага берилген өзгөчө кайтаруудагы жердин сырын ачып чыкты” деп жазды. Ал “Айчүрөк” борбордук дүкөнүнүн айланасындагы жер болуп чыкты.

“Дело №...” гезити “Кадыр Маликовду өлтүргүсү келгендер "ишимчилер” деген, “Президенттик аппараттын мурдагы башчысы көз боёмочу болуп чыкты” деген баштемалар менен жаңы санын ачты.

Сиздер бул гезиттен журналист Артур Исаевдин “Кадыр Маликовго кол салуу” жана “Пландын өзү кытмыр, булганч болгон” деген аталыштагы эки макаласын окуйсуздар.

Автордун экинчи макаласына токтоло кетели. “Алтын Ордо” жаңы конушунда кылмышка шектүү делген 28 жаштагы Тилек уулу Алибек атасы менен жашап турган. Апасы өзүнчө Нарында жашаган. Үйүн тинткенде диний адабияттар, сим-карталар, травматикалык 8 ок чыккан.

Экинчиси - 29 жаштагы Ырыскул Бейшеналиев Маликовго кол салган жерге жакын, Асанбай кичирайонундагы 28-үйдө жашаган. Ал турган квартиранын ээси Жалал-Абад облусунун тургуну болгон. Август айында “күйөөм, балдарым менен жашайм” деп үй издеп келген жаш келинге квартирага берген. Квартираны тинткенде 69 теспе, чөнтөк телефондор, чет элдик операторлорго таандык 18 сим-карта, аты тактала элек куралдын 18 огу чыккан.

Бул экөө тең Кадыр Маликовго кол салгандан кийин Кыргызстандан качып чыгып Казакстанга багыт алган. Алар үчүн Түркиянын Стамбул шаарына чейин учуп баруучу электрондук авиабилеттер даяр турган.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгынын жетекчиси Сталбек Рахмановдун айтымында, маалымат такталары менен Интерпол линиясы боюнча кылмышкерлерге эл аралык издөө жарыяланып, дароо эле Түркияга кабар берилген.

Түркиянын полициясы бир сааттын ичинде изделип жаткан экөө Стамбулга учуп келгенин кабарлаган. ИИМдин ыкчам кызматкерлери министр Мелис Турганбаевдин Түркиянын ички иштер министри Лексизге жазган катын алган бойдон Түркияга учуп барышкан. Ошентип 10-башкармалыктын жана Интерполдун кыргыз бюросунун түрк кесиптештери менен биргеликте тездик менен жасаган натыйжалуу иштеринин артында аталган кылмышкерлер Түркиянын Сирияга жакын Газиантеп шаарына келип автобустан түшөрү менен колго түшүрүлгөн. Азыр аларды Кыргызстанга алып келүү жагы чечилүүдө.

Экөөнө тең Кылмыш кодексинин 28-294-беренеси боюнча “Мамлекеттик жана коомдук ишмерге кол салуу” деген айып коюлуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Ички иштер министрлиги мына ушул кылмышкерлердин өнөктөштөрү болгон дагы экөөн камакка алды. Алардын бири - Алишер Шаняев 1987-жылы туулган казак тургуну, Ала-Тоо конушунда катталган менен чыныгы жашаган жери Бишкектин Жумушчулар шаарчасы болгон. Үйүн тинткенде диний адабияттар, дептерлер менен блокноттор, компьютердин процессору, чөнтөк телефондор, эксперттер “кылмыш куралы” деп аныктаган 16 калибрлүү колго жасалган мылтык чыккан.

Дагы бири - 1990-жылы туулган Бишкектик Рустам Байчурин. Бишкектин 5-кичирайонунда ата-энеси менен жашап турган. Үйүн тинткенде диний адабияттар, чөнтөк телефондор, сим-карталар, компьютердин процессору, колго жасалган 16 бычак жана 4 патрон чыккан.

“Дело №...” гезитинин жаңы санынан сиздер ошондой эле “Нарымбаев менен Коркмазовдун иши” деген макаланы, “баланча кафеде же түкүнчө ресторанда бомба бар” деп тамашалай коем деп телефон чалып соттолгон телефон террорчулар жөнүндө макала менен да таанышасыздар.

XS
SM
MD
LG