Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Гезиттер: Белен оокаттан качпагандар


"Фабула" гезити
"Фабула" гезити

Шейшемби күнкү кыргыз гезиттери кайсы темаларга кайрылды, кандай проблемаларды козгоду - басма серептен окуңуз.

“Вечерний Бишкек” гезити жаңы санын Жер шарындагы климаттын өзгөрүүсү боюнча Бириккен улуттар уюмунун сүрөөсү менен Францияда өтүп жаткан 21-конференция жөнүндө кыскача маалымат менен ачып, аталган дүйнөлүк конференцияга 150 мамлекеттин башчылары, анын ичинде Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев да катышып жатканын кабарлады. Кыргызстандын президенти кечээ кечинде сөз сүйлөдү.

“Дин. Укук жана саясат” аналитикалык иликтөө борборунун директору Кадыр Маликовго кол салгандар “Ислам мамлекети” деп аталган террордук уюмдун мүчөлөрү экендигин, алардын экөө 28 жаштагы Нарын облусунун, бирөө 29 жаштагы Ош облусунун тургундары болгонун, Маликовго кол салгандан кийин алар адегенде Казакстанга, андан кийин Түркияга уча качканын, алардын жашаган жерин тинткенде тыюу салынган адабияттар менен курал-жарактар чыкканын, күч органдары эми Бишкектин 8-кичирайонунда өлтүрүлгөн милицияга тиешеси бар деп башка бир топторду иликтеп жатканын жазды.

Дагы бир жаңылык, гезит басууга даярдалып жаткан учурда Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин аракети менен Интерпол аркылуу Кадыр Маликовго кол салгандар Түркиянын Сирия менен чектешкен жериндеги Газиантеп шаарынан кармалып, колдоруна кишен салынганын кабарлады.

“Фабула” гезитине “Сүйлөөктөр клубу” деген баштеманын алдында журналист Үсөн Касыбековдун “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев жана “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Элмира Жумалиева тууралуу макаласы басылып чыкты. Автор макаласында депутаттык артыкчылыктардан жана жеңилдиктерден баш тарткысы келбегендерди сыры эмнеде экендигин чечмелеп берген.

Журналист Баратбай Аракеевдин макаласы мамлекеттик кызмат жана коррупцияга малынбай таза иштөө маселесине арналды. Филология илимдеринин доктору, Улуттук илимдер академиясынын корреспондент- мүчөсү Абдыкадыр Садыковдун “Улуу кыргыз Гомери тууралуу эки ооз сөз” деген уландысы бар макаласы жарык көрдү. Макала улуу манасчы Сагынбай Орозбаков жөнүндө.

Ушунун эле жанына “Байлыгым Көкөтөйдүкүнөн ашса ашат дегендердин байлыгы манасчылардын көмөкөйүндөгү байлыгына жетпейт” деген ат менен манасчы Рыспай Исаковдун маеги тартууланды.

Угармандарыбыздын эсине сала кетели, ушул күндөрү Бишкектин “Дасмия” эс алуу жайында Саякбайдын туулуп-өскөн айылы Ак-Өлөңдөн башталган жети күн, жети түн “Манас” айтуу жөрөлгөсү уланып, манасчыларыбыз күндүр-түндүр күпүлдөп “Манас” айтып жатышат. Угам дегендер барып угуп келсе болот.

Сагын Орозобековдун макаласында өкмөт башчысы Темир Сариев Ошто болуп, Кыргызстандын 6 миллионунчу ымыркайдын ата-энесин куттуктап, төрт бөлмөлүү квартиранын ачкычын тапшырганын, ошондой эле жер титирөөөнүн запкысын тарткан Кара-Суу районундагы үйлөрдү көргөнүн, жалпы жонунан 6 миңден ашуун үй иликтенип, анын 400гө жакыны жашоого болбой калганы такталганын, жабыркаган ар бир үй-бүлөгө 200 миң сомдон ссуда берилмекчи болгонун жазып чыкты.

Ушул эле “Кыргыз туусу” гезити “Дүрбөлөңгө түшпөгүлө, доллар жетиштүү” деген макала басты. Доллардын кымбатташына байланыштуу Темир Сариев акча алмаштыруучу жайларга рейддерди жүргүзүүнү Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы менен Мамлекеттик салык кызматына тапшырганын, анткени акча алмаштыруучу жайлар эптеп эле киршеге туйтунуп, пайда табууну көздөшкөндүктөн ушундай чайкоочулук иштерге барып жатканын, акча алмаштыруучу жайлардын артында чоң чиновниктер, депутаттар турганын, мисалы Кыргызстан боюнча 1000ден ашуун акча алмаштыргыч жайлар болсо, мунун 300гө жакыны гана лицензия менен иштерин, эми мындан ары сомдун кунун кармап туруу үчүн улам интервенция жасай берүүдөн башка дагы бир катар чаралар көрүлмөй болгонун, андыктан дүрбөлөңгө түшө берүүнүн кереги жоктугун, акча алмаштыруучу жайлар менен коммерциялык банктар “Банктарда доллар түгөнүп калыптыр” деп атайылап ушак таратып жатканын, доллар жетиштүү экенин Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов айтып чыкканын маалымдады.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санына акындар Турганбек Жунушалиевдин, Өмүрбек Дөлөевдин, Исматулла Парпиевдин жаңы ырларын жарыялады.

XS
SM
MD
LG