Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:54

Гезиттер: Соттор да, Бакиев да таза эмес


Курманбек Бакиев
Курманбек Бакиев

“Фабула” гезити жаңы санын Баратбай Аракеевдин Курманбек Бакиев тууралуу “Абийирсизге айла жок эмеспи” аттуу макаласы менен ачты.

"Фабула" өлкөнү каалагандай талап-тоноп алып качып кеткен президенттерде уят деген калбай калганын, миллиондорду жеп жуткандары аз келгенсип, Бакиев Беларустун “Раубичи” деген жалаң “мыктылар” жашаган жеринен 2 млн. долларга сатып алган үйүндө жатып алып, жалдап китеп жаздырып, жалаң акыл үйрөтүп отурганын белгилеп, “Мен жооп берүүгө даярмын, бирок Кыргызстанда соттор таза эмес” дегенди айтып турганын, туура соттор таза эмес, бирок Курманбек Бакиевди соттогонго таза соттун деле кажети жок” деп жазды.

Журналист Үсөн Касыбековдун макаласы “Оппозициялык блок ит арка болуп ыркырашып жатат” деп аталды. Баратбай Аракеевдин дагы бир макаласы “Диндеги фанатизм кыйроого алып келет” деп аталып, автор мамлекеттик деңгээлде ашкере динге ишенүүнүн, исламдагы радикалдуу агымдардын, андан чыккан террористтердин зыяндуулугун ашкерелеп турган аракеттер көрүлбөй келатканын, айрыкча жаштардын дилине жеткизе албай жатканыбызды, минте берсек Пакистан менен Ооганстандын кебетесин кийип каларыбызды, аларда бүтүндөй билимсиздик, самсаалаган турмуш, аялдарынын укуксуз аянычтуу жашоосу, тамга тааныбай, карыш бастырбай кайыр сураган балдары, селдесине чалынып чаңга оонаган чалдары, айтор феодализмдин сүрөтү... Ал эми биз чын-чынында илим-билимдүү, маданияттуу мамлекет болуп калыптанып бүткөнүбүздү, эми ушуну кут кылсын деп жай гана алга жыла берүү керектигин эскертти.

“Де-факто” гезитинин биринчи бети “Раев Бакиевдин китебинин көшөгө артындагы авторубу?” деген, “Жосунсуз жоруктуу Жолдошбаевдин жомокторунан” деген, “Болот Шер партиялашы Текебаевге жулунуп” деген, “Экиленген Есенбаеванын эмне себептен депутат болуп келгенин билесизби?” деген, “Бакчиевдин мыйзамдуулук комитетин тескегенге моралдык укугу барбы?” деген анонстордон турат. Булардан тышкары Нургазы Айтмырзаевдин “Ит үрө берет” же Бакиевдин “кечиккен махабаты” аттуу макаласын, редакциянын туздалган суроолорун, Фейсбуктагы депутаттарды, “Нарымбаев менен Коркмазовдун айланасындагы окуяларга байланыштуу кайрылууну окуйсуздар.

“Жаңы агым” басылмасы гезиттин бир бетин “Москва көз жашка ишенбейт” деген ат менен жалаң эмгек мигранттарынын ойлоруна орун берди. Дагы бир бет “Элдик саясат” деген ат менен карапайым адамдардын ой-пикирлерин ортого салды. Назгүл Калмамбетованын макаласы “Кул базардагылардын арманы” деген ат менен жарык көрдү. “Саякбай манасчы” фондунун президенти Саматбек Ибраевдин маеги “Жети күн, жети түн “Манас” айтылат” деген ат менен окурмандарга тартууланды. Гезиттин бул санындагы акын Бурул Карагулованын маеги “Мен сүйүүнүн доктору” деп аталды.

Президент Алмазбек Атамбаев кечээ Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровду кабыл алып, укук коргоо жана күч органдары тарабынан терроризмге каршы күрөштүн натыйжалуулугун арттыруу жана террористик топтор, алар менен байланышкан уюмдардын ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча иштиктүү чараларды көрүү тапшырмасын бергенин бүгүн жарык көргөн “Кыргыз туусу” гезити жазды. Бул сандан өкмөт башчысы Темир Сариевдин “Жөнгө салуучу реформа экономикалык секирикке жол ачат” аттуу сөзүн окуйсуздар. Таланттуу акын кызыбыз Бактыгүл Чотурованын “Күн – Кудайдын кареги” аттуу жаңы ырлар жыйнагы жарыкка чыкты. Ошондой эле “Кыргыз футболуна оомат кайра келди” деген ой-пикирлердин топтому бар.

“Вечерний Бишкек” гезити бул санын “Абайлагын, жер титирөө!” деген баштема менен ачып, тилсиз жоонун кесепеттери жөнүндө сөз кылды. “Арзу” деген кафеде бомба бар деп телефон чалып анда иштегендерди да, кафеге тамак ичкени келгендерди да, күч орган кызматкерлерин да убарага салган үйлүү-жайлуу, эки балалуу, мурда соттолбогон Болот Дүйшалиев деген адам эмне кыларын билбей эригип олтуруп, жалган кабар таратып чаң-тополоң салгандыгы үчүн аз жерден кесилип кете жаздап, ыйлап-сыктап, балдарын ала жыгылып жатып 40 миң сом төлөп кутулмай болгонун маалымдады. Ысык-Ата районундагы физкультура мугалими 9 жаштагы окуучу кыздарды зордуктап жүргөн деген шек менен текшерилип жатканын, милийсага кыздардын ата-энелери кайрылганын да ушул гезиттен билесиздер. Соцфонддун төрагасы Мухаметкалый Абулгазиевдин пенсиялар тууралуу макаласы да “Вечерний Бишкектин” бүгүнкү санында.

XS
SM
MD
LG