Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:15

Австралиянын жаңы акчасында британ монархтарынын элеси болбойт


Австралия валютасы. Иллюстрация.
Австралия валютасы. Иллюстрация.

Австралиянын Борбордук банкы эми беш долларлык банкнотто Улуу Британиянын королу Чарльз IIIнүн сүрөтүн эмес, “байыркы австралиялыктардын маданиятын жана тарыхын” чагылдырууну чечти.

Азыр Австралияда эң көп колдонулган банкнотто Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин сүрөтү бар. Ханыша 2022-жылдын сентябрда каза болуп, анын уулу Чарльз III тактыга отурган. Мындан улам акчадагы сүрөттү алмаштыруу керек болчу. Буга чейинки салт боюнча, британ монархынын сүрөтү эң кичинекей номиналдагы австралиялык банкноттордо жана бардык монеталарда болуп келген.

Алдыдагы жылдары жүгүртүүгө берилчү жаңы купюраларда британ монархтары чагылдырылбайт. Бирок монеталарда кала берет. Австралия өкмөтү Борбордук банктын чечимин колдоду.

Жашылдар партиясынан сенатор Лидия Торп муну "колонизацияга каршы күрөшкөн австралиялыктардын жеңиши" деп атады. Оппозициялык партиянын өкүлү жана Австралиянын монархисттик лигасы бул чечимди сынга алып, аны коомго жана демократияга кол салуу катары баалады.

Sydney Morning Herald былтыр октябрда жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, респонденттердин 43% беш долларда австралиялык коомдук ишмерлерди, 34% британ монархтарын көргүсү келерин билдиришкен.

Австралия Мурдагы британ колонияларынын шериктештигинин бир бөлүгүнө кирет. Шериктештиктин бардык мамлекеттеринин башчысы британ монархы. Австралияда Елизавета II каза болгондон кийин шериктештиктен чыгуу тууралуу талкуу күчөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG