Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:54

Рамзан Кадыровдун жээни Чеченстандын вице-премьер-министри болду


Хамзат Ибрагимов жана Рамзан Кадыров.
Хамзат Ибрагимов жана Рамзан Кадыров.

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров 26 жаштагы жээни Хамзат Ибрагимовду өлкөнүн вице-премьер-министри, мүлк жана жер мамилелери министри кылып дайындады.

Былтыр ноябрга чейин министрдин кызматын Рамзан Кадыровдун таякеси Турпал-Али Ибрагимов ээлеген. Кийинчерээк ал Чеченстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы болгон.

"Кавказ.Реалии" жазгандай, 2021-жылдын августуна чейин Хамзат Кадыров Чеченстандын Дене тарбия, спорт жана жаштар саясаты министрлигин жетектеген, кийин Чеченстандын башчысынын катчылыгын башкарган. Мурда "Чеченцемент" мамлекеттик ишканасынын да башкы директору болуп иштеген.

Хамзат Кадыров адегенде диний билим алган, кийин Чечен мамлекеттик университетинин мамлекеттик башкаруу факультетин аяктаган.

Рамзан Кадыровдун башка дагы бир катар туугандары жетекчилик кызматтарды ээлеп турат.

Парламенттин төрагасы Магомед Даудов жана башка 20 депутат республиканын Конституциясына сунуштап жаткан өзгөртүүлөргө ылайык Чеченстандын башчысы “эл атасы” наамын алышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG