Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:56

АКШ Украинага 150 чакырым алыска жетчү ракеталарды берет


Ракеталык системалар. Иллюстрациялык сүрөт.
Ракеталык системалар. Иллюстрациялык сүрөт.

Вашингтон Украинага берилип жаткан аскердик жардамдын 2,2 миллиард долларлык жаңы пакети тууралуу жарыялады.

Анын алкагында Киев биринчи жолу GLSDB ракеталык кыймылдаткычы бар, 150 чакырымдык алыстыкка жетчү жогорку тактыктагы бомбаларды алат. Мындан сырткары бул пакетке Hawk зениттик ракеталык комплекстер, Puma учкучсуз учактары, Javelin танктарга каршы системалары жана HIMARS жапырт артиллериялык системаларына дүрмөттөр кошо келет.

Inside Defense басылмасы Пентагонго таянуу менен билдиргендей, жаңы жардамдын курамында ири калибрлүү пулемёттор, жогорку деңгээлде корголгон чопкутталган автоунаалар, көптөгөн ок-дарылар, байланыш каражаттары жана талаа жабдуулары да берилет.

АКШ буга чейин Украинага 80 чакырымдык аралыкка учуп жетчү гана ракеталарды берип келген. Ноябрда америкалык Boeing компаниясы өзү өндүргөн GLSDB ракеталарын Киевге жеткирүүнү сунуштаган.

АКШ, Европа өлкөлөрү, Жапония жана Австралия ушул кезге чейин Украинага ондогон миллиард долларлык жардам жеткирди. Анын ичинде көмөктөр аскердик, каржылык жана гуманитардык форматта келди. Негизги жардамды АКШ берди.

Былтыр 24-февралда президент Владимир Путиндин буйругу менен орус күчтөрү Украинага басып кирген. Бул аралыкта миңдеген карапайым тургун набыт болду.

Киев майданда 13 миңдей жоокери көз жумганын былтыр жыл соңунда билдирген. Орусиянын Коргоо министрлиги акыркы жолу 21-сентябрда согушта 6 миңдей аскерин жоготконун маалымдаган. Пентагон орус армиясынын жоготуулары өлгөндөрдү жана жараат алгандарды кошкондо 100 миңден көп деп эсептеген. Бул маалыматты көз карандысыз булактар бышыктай электигин эске салабыз. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG