Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Сот Саакашвилини камактан чыгаруудан баш тартты


Саакашвили ооруканада жатат.
Саакашвили ооруканада жатат.

6-февралда Тбилисиде сот Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилини мөөнөтүнөн мурда бошотуудан же саламаттыгына байланыштуу жаза мөөнөтүн кийинкиге жылдыруудан баш тартты.

Бул тууралуу "Азаттыктын" грузин кызматы билдирди.

Буга чейин Саакашвилинин адвокаттары ал реанимацияда экенин кабарлашкан. Мурдагы президенттин санаалаштары ал түрмөдө ууландырылган деп эсептешет.

Украинанын жарандыгын алган Грузиянын мурдагы президенти 2021-жылы күзүндө өлкөгө кайтып келгенден кийин Тбилисиде камакка алынган. Ага чейин ал сыртынан алты жылга соттолгон. Саясатчыга "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып коюлган. Өзү муну саясий куугунтук деп атайт.

Былтыр жыл аягында саламаттыгы начарлап кеткенине байланыштуу ал камактан ооруканага которулган.

Январдын башында Грузияда жана 20дан ашык өлкөдө Саакашвилини колдоо пикеттери өткөн. Катышуучулар аны бошотуп, Евробиримдиктин аймагына барып дарыланууга уруксат берүүнү талап кылышкан. Айрым активисттер Грузиянын азыркы бийлигин "Саакашвилинин жок кылууга аракет кылып жатат" деп айыпташкан.

XS
SM
MD
LG