Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:36

ТИМ: Аданада он кыргыз жараны коопсуз жерге жайгаштырылды


Соңку маалыматтарга ылайык, Түркияда катуу жер титирөөнүн айынан мерт болгондордун саны 2900дөн ашып, 16 миңге чукул адам жараат алды.
Соңку маалыматтарга ылайык, Түркияда катуу жер титирөөнүн айынан мерт болгондордун саны 2900дөн ашып, 16 миңге чукул адам жараат алды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Бишкек убактысы боюнча саат 10.00го карата маалыматына ылайык, Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондор арасында кыргыз жарандары жок. Адана шаарында 1984-жылы туулган кыргызстандык жаран жараат алганы белгилүү болду жана ага ооруканада керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү. ТИМ учурда ал жарандын абалы канааттандырарлык экенин, ооруканадан чыкканын маалымдады.

Анталья шаарындагы Башкы консулдуктун кызматкерлери Аданадагы он кыргыз жаранына азык-түлүк, суу, жылуу кийим жана жууркан жеткирип, аларды коопсуз жерге жайгаштырды.

Соңку маалыматтарга ылайык, Түркияда катуу жер титирөөнүн айынан мерт болгондордун саны 2900дөн ашып, 16 миңге чукул адам жараат алды. Коңшу Сирияда дагы көз жумгандардын саны миңден ашып, дагы жүздөгөн киши жабыркады.

Расмий Анкаранын билдиришинче, 3000дей имарат, турак жай кыйрады. Урандыларды тазалоо, аман калгандарды куткаруу иштери уланууда жана мындан улам набыт болгондор саны дагы өсүшү ыктымал.

Түркияда кандуу кырсыктан улам бир апталык аза күтүү жарыяланды.

Эл аралык медиалар НАТОго, Европа Биримдигине мүчө жана башка ондогон мамлекет Түркияга жардам сунуштаганын жазды. Алардын арасында Кыргызстан дагы бар жана расмий Бишкек 60тан ашык адамдан турган куткаруучу топ жөнөттү.

Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө кайталанды.

Түркия сейсмологиялык жактан активдүү аймактардын катарына кирет. Акыркы акыркы жолу катталган эң чоң зилзала 2011-жылдын 23-октябрында Ван аймагында болгон. Анын күчү 7,2 баллга жеткен. Зилзаланын очогу Ван аймагына караштуу Эржиш шаарында болгон. Бул кырсыкта 644 киши набыт болуп, эки миңге жакын киши оор жаракат алган. 110 миң турак жай жарактан чыккан.

Бул өлкөдө эң катуу жер титирөө 1999-жылы 17-августта Дүзже аймагында болгон жана кырсыктан 18 миңден ашык киши каза таап, 25 миңге жакыны жабыркаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG