Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:13

Бишкекте Геннадий Базаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү


Геннадий Базаров.
Геннадий Базаров.

Бишкекте Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында 7-февралда белгилүү кинорежиссер, сценарист, Кыргыз Республикасынын эл артисти Геннадий Базаровду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Ага маркумдун жакындары, депутаттар жана коомдук-саясий, жана маданий ишмерлер катышты.

Базаров 6-февралда 81 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Ал "Кыргыз кереметин" жаратуучулардын бири катары белгилүү. Режиссёр 1942-жылы 14-майда Нарын облусунун Ат-Башы айылында туулган. 1966-жылы Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтун бүтүргөн.

Базаров 1963-жылы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Саманчынын жолу" чыгармасын тасамага айлантып, жалпы элге кеңири таанылган. Мындан сырткары "Каныбек" "Карагыз", "Аномалия", "Нонсенс" жана башка толук метраждуу көркөм тасмаларды тарткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG