Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:48

Орусиянын мунай жана газ кирешеси январда 46% кыскарды


Мунай заттарын ташыган вагон-цистерналар.
Мунай заттарын ташыган вагон-цистерналар.

Январда Орусиянын мунай жана газ сатуудан түшкөн кирешеси өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 46% азайды.

Бул тууралуу өлкөнүн Каржы министрлиги билдирип, муну Urals маркасындагы мунайдын арзандашына жана газ экспортунун кыскарышына байланыштырды.

Расмий эсепте январдагы киреше 426 миллиард рублди түздү.

Мурдараак Bloomberg басылмасы расмий мекемеге таянып, Urals мунайы баррелине 38 доллардан сатылып жатканын билдирген. Бул Батыш өлкөлөрү Орусиянын Украинага басып киришине жооп катары белгилеген 60 долларлык чектен кыйла төмөн.

Reuters агенттигинин эсебинде, былтыр Орусиянын Европага саткан газы бир жыл мурдагыга салыштырмалуу дээрлик 46% азайып, 2000-жылдан берки эң төмөнкү деңгээлге жеткен. Украинага басып киргенден кийин Орусия Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрүнө газ берүүнү токтотсо, башкалары орус газынан өздөрү баш тарткан. Экспорттун төмөндөшүнө Түндүк Агымдагы авария да таасирин тийгизген.

Бул жана башка каржылык төмөндөөлөрдөн улам январь айында Орусиянын бюджетинин тартыштыгы 1,76 триллион рублди түздү. Bloomberg басылмасы муну 1998-жылдан берки рекорд экенин белгилейт. Орусиянын Каржы министрлиги баары пландагыдай экенин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG