Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:20

Молдокматов экспертизанын жыйынтыгында кылмыш курамы жоктугун билдирди


Жеңиш Молдокматов.
Жеңиш Молдокматов.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган саясатчы Жеңиш Молдокматов 3-февралда аудио жазуулардын соттук-лингвистикалык экспертизасынын жыйынтыгы менен таанышканын, анда массалык башаламандык уюштуруунун белгилери камтылбаганын билдирди. Мындай билдирүү Молдокматовдун Фейсбуктагы баракчасына 7-февралда жарыяланды.

“Экспертизага берилген материалдарда бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармап туруу, ошого тете Кыргыз Республикасынын Конституциялык түзүлүшүн күч колдонуп өзгөртүүгө, жана жарандарды расалык, этникалык, улуттук, диний белгилерине жараша өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын белгилеген, басынтууну пропагандалуучу сөздөр, айтымдар, сүйлөмдөр камтылган эмес. Бизге коюлган кине боюнча кылмыштын курамы болгон эмес жана жок”, - деп жазган Молдокматов.

Ал козголгон кылмыш ишин жана үйдүн тинтүүгө алынганын мыйзамсыз деп атады.

Ушул эле күнү абактагы дагы бир саясатчы Равшан Жээнбеков да экспертизанын жыйынтыгы менен таанышканын жана анын корутундусу мыйзамсыз экенин билдирди.

Ички иштер министрлиги экспертизанын жыйынтыгы жана айтылган пикирлер боюнча маалымат бере элек.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын сүйлөшүүлөрү жаздырылган аудио жазмаларга жасалган лингвистикалык экспертизанын корутундусу чыгып, аны менен адвокаттар таанышып жатканын 5-февралда “Азаттыкка” укук коргоочу Азиза Абдирасулова ырастаган.

Ал адвокаттар корутундунун жыйынтыгына жана процедуралык маселелерге нааразы болуп жатканын билдирген.

2022-жылдын октябрында Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразылыгын билдиргендердин жыйыны өткөн.

Андан кийин курамына бир топ белгилүү саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активист кирген “Кемпир-Абадды коргоо комитети” жарандык бирикмеси түзүлгөн. Көп өтпөй алардын отузга жакыны камакка алынган. Мындан сырткары аларга тилектеш дагы бир нече адам кармалган. Учурда 20дан ашык киши Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат, үчөө үй камагына чыгарылган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далил жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келет.

Биринчи Май райондук сотунун аларды 20-февралга чейин камакта кармоо чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Иш жашыруун деген макам алдында карала турганы 18-январда белгилүү болгон. ИИМ бул боюнча жана корутунду тууралуу комментарий бере элек. Адвокаттар аны ачык өткөрүү тууралуу арыз менен сотко кайрылышкан. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG