Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Эмил Жураев: Мактоо үчүн эркиндиктин кереги жок, сөз эркиндиги сын пикир үчүн керек


Эмил Жураев.
Эмил Жураев.

Сөз эркиндиги – бул сын көз карашын, пикирин билдирүүгө болгон эркиндик экенин бүгүн 7-февралда Бишкекте “Кыргыз Республикасындагы маалымат каражаттарына жана сөз эркиндигине басым: “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамынын практикалык колдонулушу” деген темада өткөн талкууда саясат талдоочу Эмил Жураев билдирди.

«Мактоо үчүн эркиндиктин кереги жок. Эркиндик жалаң сын пикирдүү болот… Тикен сыяктуу сайып турган сөздү айтканга болгон эркиндик гана эркиндик деп аталышы мүмкүн. Анын жүгү бар. Эгер аны көтөрө албасак, демек, эркин өлкөбүз, аны колдойбуз дегенибиз жөн гана сөз экенин моюнга алышыбыз керек. «Азаттык» Америкадан каржыланат деп айтылууда, бирок ал сыр маалымат эмес экенин баарыбыз билебиз. Ал эми ошол акча кайда колдонулуп жатканын «Азаттыктын» сайтынан, андагы айтылып жаткан сөздөрдөн баалап билсек болот. Анда эмне кылмыш же бузукулук бар?».

Бүгүнкү талкууга парламент депутаттары, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Жыйынтыгында кабыл алынган резолюцияда «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо» мыйзамын өзгөртүү сунушталды. “Фейктер жөнүндө” деген атка конгон бул мыйзам сунушталып, кабыл алынгандан бери бир топ талкуу, сын жаратып келе жатат.

Мыйзамды өзгөртүүнү сунуш кылгандар ал азыркы мазмунунда фейктерге каршы эмес, эркин медиага каршы иштеп жатканын белгилешти.

Жыйындын катышуучулары “Азаттык” радиосунун айланасындагы соңку жагдай боюнча да пикирин билдирип, аны жабууга көрүлүп жаткан аракеттердин мыйзамсыздыгын белгилешти. Анын толук иштөөсүнө шарт түзүүгө чакырышты.

Бул мыйзамдын негизинде былтыркы жылдын октябрь айынан бери Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен «Азаттыктын» сайты бөгөттөлүп турат, мындан тышкары министрлик аны жалпыга маалымдоо каражаты катары жабуу аракетин да көрүүдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG