Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:33

Түркиядагы жер титирөөдө Өзбекстандын жараны каза болду


Издөө-куткаруу иштери уланууда.
Издөө-куткаруу иштери уланууда.

Түркиянын Малатия аймагында зилзалада бир өзбек жараны каза болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, мындан тышкары дагы төрт өзбекстандык дайынсыз болууда. Издөө-куткаруу иштери уланууда.

Өзбекстан жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жардам берүү үчүн Түркияга куткаруучуларын жөнөткөн. Алар 10 миңден ашуун этникалык өзбек жашаган Хатай облусунун Овакент айылында издөө-куткаруу иштерине киришти.

Түркиянын Кахраманмараш шаарында эл аралык мелдешке катышып жаткан өзбекстандык спортчулар жер титирөөнүн очогунан чыгарылып, Анкарага жеткирилди.

Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө кайталанды. Эки өлкөдө каза тапкандар саны беш миңге чамалады. Турак жайлар кыйрап, миңдеген киши жараат алды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG