Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:36

Бишкектеги ыш маселесине байланыштуу Башкы прокуратурага арыз жазылды


Бишкектеги ыш.
Бишкектеги ыш.

Бишкектеги ыш маселесине байланыштуу Башкы прокуратурага арыз жолдонду. Арыз ээси, адвокат Икрамидин Айткулов “Азаттыкка” 8-февралда билдиргендей, ал Бишкектин Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) кызмат адамдарына жана анын ишин көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдарга каршы иш козгоону талап кылды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова техникалык аудит учурунда ЖЭБдин түтүнүн чыпкалоочу электр жабдыктары бир нече жылдан бери иштебей тургандыгын айтып чыккан.

Улуттук энергохолдинг Кутмановага жооп кайтарып, аудит жүргүзгөн орусиялык компаниянын стандарттары Кыргызстанга туура келбейт деп билдирген.

Бишкек шаары соңку жылдары айрыкча суук түшкөндө дүйнөнүн абасы эң булганган шаарларынын катарына кирүүдө. Шаардын үстүн боз ыш каптап турган сүрөттөр жана видеолор социалдык түйүндөрдө тарап, кызуу талкууга алынып келет. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG