Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Жанар Акаев орус абактарынан согушка барган кыргызстандыктар маселесин көтөрдү


Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

Жогорку Кеңештин 8-февралдагы жыйынында Орусиянын абактарында жаткан кыргыз жарандарынын Украинадагы согушка жөнөтүлүп жатканын тууралуу маселе көтөрүлдү. Ал парламентке келген Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбековго кайрылып, кыргыз сотторунун айынан аларды мекенине кайтаруу кыйын болуп жатканын айтты.

"Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, биздин жарандар чет өлкөлөрдө согуштук аракеттерге катыша албайт. Бирок орус түрмөлөрүндө миңдеген кыргызстандык жатат. Алардын алды Украинадагы согушка жөнөтүлүп, айрымдарынын сөөгү келе баштады. Бул абдан чоң трагедия. Ушул күндө Кыргызстандагы ата-энелер Орусиянын абактарындагы балдарынын дайын-дарегин таппай, издеп жатат. Биздин Башкы прокуратура менен Жогорку Сот орус абактарындагы биздин жарандарды кыргыз абактарына которуу аракеттерин кескин күчөтүшү керек. Бирок Жогорку Сот ушул маселеде кайдыгерлик кылган бир нече фактыны мен сизге берем. Орус соту 9,5 жылга кескен биздин жаранга Жогорку Сот 7,5 жыл берип койгон. Ушунун айынан Орусияда аны которуудан баш тартып койгон. Бирдей беренени Кыргызстанда жеңилдетип койгон. 27-декабрда кармалган күн деп жазылган ишти биздин соттор 23-мартта кармалган деп жазып койгон. Ушундан улам дагы бир биздин жаранды датасы шайкеш келбейт деп которбой койгон", - деди Акаев.

Замирбек Базарбаев депутатты бул фактылардын баарын кагазга жазып берүүнү айтып, чара көрүлөрүн билдирди.

Өткөн айда Орусияда абакта отурган кыргызстандык Аян Алишеров Украинадагы согуштан каза тапканы белгилүү болгон. Украинанын Бахмут шаарына жакын жердеги салгылашта 24-ноябрда каза болгон 30 жаштагы Аян орус жарандыгын алган эмес.

Ушул тапта Орусиядагы "Вагнер" жеке аскердик компаниясы абактагыларды Украинадагы согушка жапырт тартып жатканы кабарланууда. Кыргызстандык канча атуул мындай окуяга кабылганы белгисиз. Парламентте Аян Алишеров согушка кандайча барып калганын териштирүү талабы коюлган.

Расмий маалыматка ылайык, учурда орус абактарында миңден ашуун кыргыз жараны отурат жана алардын көбү маңзат менен кармалган.

Орусия Украинага былтыр 24-февралда кол салган. Кыргызстан эки өлкөнүн ортосундагы окуя боюнча бейтарап макамды карманып келе жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG