Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:33

Назарбек Нышанов "бийликти басып алууга чакырык жасаган" деген шек менен кармалды


 УКМК тараткан сүрөт.
УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) активист Назарбек Нышанов "бийликти күч менен басып алуу боюнча коомчулукка кайрылуусу үчүн" кармалганын билдирди. Атайын кызмат анын социалдык тармактарда жазган билдирүүлөрүнө экспертиза жүргүзүлүп, корутунду чыгарылганын маалымдады.

" 2023-жылдын 6-февралында улуттук коопсуздук органдары социалдык тармактарда чагымчыл материалдарды таратуу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, ошондой эле соттук-лингвистикалык экспертизанын жана бийликти күч менен басып алууга ачык чакыруунун белгилери бар экени жөнүндө иштин алкагында алынган башка далилдердин негизинде, Н.Н.А. кармалды. Ал УКМКнын тергөө абагына киргизилди. УКМК жарандарды соцтармактарда араздашууну тутандырууга, өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган ар кандай антиконституциялык чагымдарга жана чакырыктарга алдырбоого чакырат", -деп жазылган маалыматта.

Нышановдун жакындары жана жактоочусу буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Назарбек Нышанов 2005-жылдан берки бардык президенттик шайлоолорго талапкер катары катталууга аракет кылган. Убагында бир катар коомдук кыймыл, уюмдарды жетектеп, мүчөсү болгон. Аскар Акаев жана Курманбек Бакиев президент болуп турганда аларга каршы кол топтогондордун бири катары таанылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG