Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:33

Январь окуялары: Тараз соту тогуз кишини күнөөлүү деп тапты


Соттолгондордун жакындары.
Соттолгондордун жакындары.

7-февралда Казакстандын Тараз шаарындагы сот Январь окуяларына айыпталган тогуз кишиге өкүм чыгарды.

Алар жапырт башаламандыктарга, талап-тоноого, мүлктөрдү талкалоого катышып, бийлик өкүлдөрүнө куралдуу каршылык көрсөтүшкөнү жазылган сот өкүмүндө.

Аларга "Бийлик өкүлүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө", "Жапырт башаламандыктарга катышууга чакырык жасоо", "Курал-жарак жана ок-дары уурдоо" беренелери менен айып тагылган.

Тараздагы сотто Январь окуялары боюнча иштер өткөн жылы ноябрда карала баштаган. Айыпталуучулардын жакындары сот өкүмүнө макул эместигин билдиришти. Алар соттун жүрүшүндө укук коргоо органдарынын кызматкерлери БТРден 91 жолу ок атканын моюнга алганын белгилеп, Январь окуялары маалында күч түзүм өкүлдөрү күнөөсүз адамдарды себепсиз эле өлтүрүшкөнүн айтып жатат.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери былтыр 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Башаламандык талап-тоноо менен коштолгон. Расмий маалыматка караганда, кандуу тополоңдо кеминде 238 киши каза болгон. Тараз шаарында 15 киши набыт кеткен. Алардын баарына тең ок тийген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG