Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:53

Украина Түркияга куткаруучулар тобун жиберди


Украиналык куткаруучулар тобу Түркияга кетип жаткан учур.
Украиналык куткаруучулар тобу Түркияга кетип жаткан учур.

Украина зилзаладан жабыр тарткан Түркияга куткаруучулар тобун жиберди. Токсон куткаруучу, дайынсыз кишилерди табууга адистешкен 10 иттен турган топ шейшембиде жөнөп кеткен.

Президент Владимир Зеленский шейшембиде билдиргендей, украин адистери табигый кырсыктарды жоюуда тиешелүү тажрыйбага ээ экенин билдирди.

Ал арада украин аскерлери Орусия басып алган жерлерди бошотуу үчүн өлкө чыгышында салгылашып жатат.

Түркияга Орусия дагы жардам сунуштаган.

6-февралда Түркия менен Сирия чектеш аймакта эки жолу катуу жер силкинген. Күчү 7,5-7,8 баллга жеткен зилзалада бир канча шаар-кыштак талкаланды. Уранды астынан миңдеген киши куткарылды.

Алааматтан кийин Түркияга НАТОго, Евробиримдикке мүчө мамлекеттер жана башка ондогон өлкө куткаруу, тазалоо иштерине көмөк сунуштап, куткаруучуларды жөнөтүштү. Алардын ичинде Кыргызстан да бар. Сирияга да бир канча мамлекет жардамдашууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG