Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:12

Зеленский Лондондо Британиянын премьер-министри менен жолугат


Риши Сунак менен Владимир Зеленский. Киевдеги жолугушуу, 19-ноябрь, 2022-жыл.
Риши Сунак менен Владимир Зеленский. Киевдеги жолугушуу, 19-ноябрь, 2022-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 8-февралда Лондонго барат. Эл аралык маалымат каражаттары жазгандай, украин лидери Британиянын премьер-министри Риши Сунак менен жолугуп, парламентте сөз сүйлөйт. Ошондой эле Улуу Британияда аскердик машыгуудан өтүп жаткан украин аскерлерине барат.

Британ өкмөтү Сунак украин лидери менен Киевге алыс аралыкка атуучу куралдарды жеткирүү маселесин талкуулай турганын билдирди. Ал Орусиянын Украинанын маанилүү инфраструктурасына урулган сокку каршы колдонулат.

Ал арада Би-Би-Си радиосу Улуу Британия Орусияга каршы жаңы санкцияларды жарыялай турганын кабарлады.

Журналисттер "күтүүсүз" деп сыпаттаган бул визит Зеленскийдин Орусия Украинага басып киргенден бери үчүнчү эл аралык сапары. Өткөн жылдын аягында АКШга жана Польшага барган.

Украинанын чыгышында Орусия менен айыгышкан салгылашуу уланууда. Reuters агенттиги орустар эки аптадан бери Бахмут шаарын ээлөөгө аракет кылып жатканын, эки тарапта тең жоготуулар көптүгүн жазды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG