Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:54

Түркиядагы зилзаладан кийин 13 өзбекстандык дайынсыз болууда


Зилзаладан кийинки көрүнүш.
Зилзаладан кийинки көрүнүш.

Түркиянын зилзала болгон аймактарында жашап, иштеген 13 өзбекстандык жарандын дайыны чыкпай жатат. Бул тууралуу Өзбекстандын Стамбулдагы башкы консулдугу маалымат таратты.

Жер силкинген аймактардан 17 өзбекстандык куткарылып, Стамбулга жеткирилди. Буга чейин бир өзбек жараны зилзалада набыт болгону кабарланган.

Кырсыктан кийин Өзбекстан Түркияга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулар тобун жардамга жөнөткөн. Алар Хатай облусунда этникалык өзбектер жашаган Овакент кыштагында издөө-тазалоо иштерине жардам берип жатышат.

Хатай аймагындагы бир казакстандыктын да дайыны чыкпай жатканы кабарланган.

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта эки жолу катуу жер силкинген. Күчү 7,5-7,8 баллга жеткен зилзалада бир канча шаар-кыштактар талкаланды. Урандылардын астынан миңдеген киши куткарылды. Акыркы маалыматтарга караганда Түркияда набыт болгондордун саны 7100дөн ашты, жарадарлар 40 миңден көп. Сирияда 2470 киши мүрт кеткени, 4000дейи жараат алды.

Алааматтан кийин Түркияга куткаруу, тазалоо иштерине ондогон мамлекеттер көмөк сунуштап, куткаруучуларды жөнөтүштү. Алардын ичинде Кыргызстан да бар. Сирияга да бир канча мамлекет жардамдашууда.

XS
SM
MD
LG