Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:32

АКШнын президенти Байден жылдык баяндамасын жасады


Жо Байден
Жо Байден

АКШнын президенти Жо Байден шейшемби күнү кечинде Конгресске өлкөнүн абалы тууралуу жылдык баяндамасын жасады. Анда негизинен президенттик мөөнөтүнүн эки жылдагы экономикалык жетишкендиктерине басым жасалды.

Президент бул убакытта 12 миллион жумушчу орун түзүлгөнүн, акыркы айларда инфляция төмөндөп, орто класстын айлык акысы жогорулаганын, күйүүчү майдын баасы былтыркыдан арзандаганын айтты.

Жо Байден анын демилгеси менен кабыл алынган өлкөнүн инфраструктурасына инвестиция салуу мыйзамын мисал кылды. Анын айтымында, бул мыйзам калкты иш менен камсыздоого, жаңы жумушчу орундардын көбөйүшүнө шарт түзөт.

"Менин планымдын максаты - шаарларга жана унутулуп калган адамдарга инвестиция салуу. Биз эч ким артта калбаган экономиканы түзүп жатабыз!", - деди Байден.

Президент жаңы социалдык чыгымдардын программасын токтолуп, аны ишке ашыруу үчүн корпорацияларга жана бардар америкалыктарга салыкты көтөрүүнү сунуш кылды.

Ал мунай компанияларын кара май кымбаттаганы ири пайда көрүп жатышканы менен мунай өндүрүүгө инвестиция салууну каалашпайт деп айыптады.

Байден эл аралык мамиле тууралуу азыраак сүйлөдү. Ал Орусиянын Украинага басып киришин Америка жана дүйнө үчүн тарыхый сыноо деп атады. Президенттин айтымында, Кошмо Штаттар лидердин ролун алып, НАТОну бириктирип, эл аралык коалиция түзүп, украиндер менен бирге агрессорго каршы турду. Жо Байден залда отурган Украинанын АКШдагы элчиси Оксана Маркаровага кайрылып, Америка Украинаны канча убакыт керек болсо колдой тургандыгын айтты.

"Биз украин эли мененбиз. Бүгүн дагы Украинанын элчиси бул жерде отурат. Ал өз өлкөсүнүн гана эмес, каарман элинин өкүлү. Элчи айым! Сиздин өлкөнү колдоодо биз биримдикти көрсөттүк",- деди ал.

Республикачылардын президентке жооп сөзүндө Арканзас штатынын губернатору Сара Хакаби Сандерс Байден менен Демократиялык партия "америкалыктардын үмүтүн актабаганын" билдирди. Ал буга жогорку инфляцияны, кылмыштуулуктун өсүшүн жана Кытайдан келген коркунучту мисал кылды.

Комментаторлор Байдендин сөзү экинчи президенттик мөөнөткө талапкердин шайлоо алдындагы сөзү сыяктуу угулганын белгилешүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG