Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:20

Кыйноого каршы борбор тергөө абагында отургандардан арыз түшкөнүн билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Кыйноолорго каршы улуттук борбору Бишкектеги тергөө абагында (СИЗО-1) отургандардан кыйноо жана ырайымсыз мамиле тууралуу кезектеги арыз-даттануу түшкөнүн билдирди. Мекеменин 7-февралдагы маалыматына караганда, кызматкерлер жарандык активист Перизат Суранованын жана бир катар башка адамдардын кайрылуусуна байланыштуу абакка барып, алардын өзүлөрү менен жолугуп чыгышты.

Суранова ден соолугу кескин начарлап кеткенин, медициналык анализдери операция керек экенин көрсөткөнүн, бирок ага тийиштүү ооруканага жатуу мүмкүнчүлүгү берилбей жатканын айткан.

Бөгөт чарасын өзгөртүүгө көмөк сураган дагы бир киши абактын медицина жайынан бөйрөк жана боор оорусунан дарыланганын, бирок жардам болбогонун билдирген. Дагы бир киши милиция кызматкерлери аны Ички иштер министрлигинин имаратынан күч колдонуп кармап кетишкенин, жакындары менен байланышууга мүмкүнчүлүк бербей коюшканын, азыр ашказан жарасы күчөп, канап жатканын билдирген.

Борбордун маалыматына караганда, бул абакта отурган аялдардын арасынан экөө азыр кош бойлуу – бири тогуз, экинчиси сегиз айлык. Бир жашка чыга элек ымыркайы бар бир келин жана 65 жаштан улуу курактагы төрт аял отурат. Алар тийиштүү медициналык жардам ала албай жатканын, соттор улам жылып, убара тартып келатканын айтып беришкен. Ошондой эле алар УДИ адиси эркек экенин айтып, анын ордуна аял адисти коюп берүүнү өтүнүшкөн.

Бишкектин тергөө абагында кылмышка шектүү экени тастыкталып, иш козголгондор сот өкүмү чыкканга чейин кармалат.

Перизат Суранова Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалып отургандардын бири.

Кемпир-Абад боюнча камалгандар арасында чукул медициналык жардамга, текшерилүүгө муктаждар жок экенин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматы 6-февралда билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG