Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:34

Данияда динозаврлардын музейи ачылат


Иллюстрация
Иллюстрация

Даниядагы Кнутенборг сафари паркында динозаврлардын жана байыркы доордо жашаган башка жаныбарлардын музейи даярдалууда.

Жакында эле бул жерге АКШда табылган алты динозаврдын скелеттери салынган кутучулар жеткирилди.

Эволюция музейине болжол менен 300 миллион жыл мурун жер бетин байырлаган ири жаныбарлардын скелеттери, баш сөөктөрү коюлат.

Уюштуруучулар бул иш-чаранын мыкты табылгаларынын бири деп Биг Жо аллозаврынын скелетин аташууда. Ал дүйнөдөгү эң жакшы сакталган скелеттердин бири.

Музейдин жетекчиси Кристоффэр Кнут бул Европадагы эң мыкты динозавр көргөзмөсү болот деп ишенүүдө. Уникалдуу музей 1-апрелде ачылат.

Копенгагенден 90 чакырым алыстагы Сафари паркынын аянты 400 гектардан ашат. Бул жерде азыркы доордун да жүздөгөн жаныбарлары бар. Жыл сайын бул паркка 200 миң киши келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG