Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:51

Замирбек Базарбеков судьялар толук эркин эмес экенин айтты


Замирбек Базарбеков.
Замирбек Базарбеков.

Парламентте Жогорку Соттун төрагасы Замирбек Базарбеков соттордун эркиндиги, туура эмес чечим чыгарган судьяларга көрүлгөн чаралар тууралуу суроого жооп берди. Ал Жогорку Кеңештин 8-февралдагы жыйынында ушул тушта судьялар толук эркин, көз карандысыз деп айта албай билдирди.

"Соттордун көз карандысыздыгын, чечимдеринин адилеттүүлүгүн камсыз кылуу жагы сөзсүз түрдө мыйзамда көрсөтүлүшү керек. Туура, бул Конституцияда жазылып турат. Бирок сот эркиндигине кедерги болуп жаткан мыйзамдарыбыз да бар. Ошол мыйзамдар азыр талкууланып жатат. Соттордун укуктары чектелип калган деп ачык эле айтып коеюн. Соттордун көз карандысыздыгы мурдагы Конституцияларда деле бар болчу, бирок ошол бойдон көз карандысыз болуп калдыкпы? Судьяларды бийликтен же башка адамдардын алдында көз карандысыздыгын жоюу үчүн алардын маянасын көтөрүү керек деп айтып келдик. Судьялардын айлыгы көбөйдү, бул реформанын алкагындагы биздин аракетибиз болду. Бирок соттор ушуну менен толук эркин болду дегенден алысмын", - деди Базарбеков.

Садыр Жапаров бийликке келгенден бери сот системасын реформалай турганын айтып, атайын кеңеш түзгөн. Ал реформанын чечкиндүү кадамдардын бири катары судьялардын ротациясын атаган.

Жапаров ошондой эле судьяларды коомчулукка ачык болууга, жарандык коом менен иштешүүдөн качпоого, чуулгандуу иштерге байланыштуу чыгарылган өкүмдөр тууралуу кеңири маалымат берип турууга чакырган.

Бирок Кыргызстанда сот тармагына байланыштуу нааразылык азая элек. Буга чейин үч ыңкылаптын негизги себептеринин бири катары сот адилетсиздиги аталып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG