Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:51

Францияда пенсия реформасына каршы жүз миңдеген адам көчөгө чыкты


Франциянын кесиптик кошуундар бирикмеси президент Эммануэл Макрондун пенсия реформасына каршы чыгышты. Уюштуруучулар нааразылык акциясына 2 миллиондой франциялык катышканын айтып жатышат.

Полициянын эсебинде шейшемби күнкү демонстрацияларга 757 миң адам келди. Ошол эле учурда транспорт тармагында, мектептерде жана мамлекеттик мекемелерде да иш таштоолор болду.

Митингчилердин арасында Франциянын түштүк-батышындагы Тулуза шаарынын тургундары да бар. Бул шаарда аэрокосмостук, электроника, информациялык технология жана биохимиялык өнөр жай ишканалары жайгашкан.

Коомдук тартипти 11 миң полиция кызматкери жана элдик кошуун көзөмөлдөдү. Парижде митингчилер менен полициянын ортосунда кагылышуу болуп, 17 киши кармалды.

Нааразылык акциясына чыккандар өкмөттүн пенсия курагын 62 жаштан 64кө көтөрүү демилгесине макул эместигин белгилешүүдө.

Сурамжылоолор франциялыктардын 70% пенсиялык реформага каршы экенин көрсөтүүдө.

XS
SM
MD
LG